• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таласта жер титирөөдөн 17 үйдүн дубалдарынан майда жарака кеткен

28 Жалган куран 202513:03 Бишкек Govori.TV

ӨКМ 28-мартта болгон жер титирөөдөн Талас районунун Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында 17 турак жайдын дубалдарынан майда жарака кеткенин билдирди.

Маалыматка караганда, аларды ичинен 11 үй камсыздандырылса, алты турак жай камсыздандырылган эмес. Авариялык абалдагы турак жайлар жок. Ушул тапта тактоо иштери уланып жатат.

28-мартта (саат 04:42де) Казакстандын аймагында күчү очогунда 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө болду. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга чейин сезилген.

Количество просмотров: 203