• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Таласта жоголгон 2 жашар бала 7 күндөн бери табыла элек

19 Чын куран 202112:19 Бишкек Govori.TV

Таласта сууга чөккөн 2 жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы Талас дарыясына 12-апрель күнү саат 17:00 чамасында 2019-жылы туулган (А.Р. ) аттуу бала чөгүп кеткен.

«Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР Өкмөтүнүн Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн 2 кызматкер, КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, башкармалыктан 1 офицер, Талас шаардык №17 ӨКБдан 6 куткаруучу, Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 5 куткаруучу, Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 6 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 5 суучул, жана жалпы 24 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылды»,-деп айтылат маалыматта.

Издөө иштери бүгүн дагы уланууда.

Количество просмотров: 310