• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таласта жол кырсыгынан 3 киши жабыркады

29 Баш оона 202123:21 Бишкек Govori.TV

Таласта жол кырсыгынан 3 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 18-чакырымында Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалдары туруктуу.

Количество просмотров: 1652