Таласта 38 жаштагы эркек адамды зордуктаганга шектүү делген тургун камактан бошотулду, ага карата жабырлануучунун эч кандай дооматы жок. Бул тууралуу Жогорку соттон тастыкташкан.
Маалыматка ылайык, шектүүгө карата жазылган арыз жазган адам тарабынан кайтарып алынган. Буга байланыштуу тергөо иштери токтотулган жана шектүу бошотулган.
Эске салсак, Талас облусунун Жон-Арык айылындагы 38 жаштагы эркек адам 7-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында аны эркек киши зордуктап кеткенин айтып милицияга арыз менен кайрылган. Анын негизинде ыкчам иликтөө аракеттер жүргүзүлүп, аталган облустун Кызыл-Туу айылынын 37 жаштагы тургуну эркек кишини зордуктаган деп кармалган.