Бишкек 10.08.2018. Govori.TV
38 жаштагы эркек адамды зордуктаганга шектүү делген тургун кармалганын Талас ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай Талас облусунун Жон-Арык айылындагы 38 жаштагы эркек адам 7-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында аны эркек киши зордуктап кеткенин айтып милицияга арыз менен кайрылган. Анын негизинде ыкчам иликтөө аракеттер жүргүзүлүп, аталган облустун Кызыл-Туу айылынын 37 жаштагы тургуну эркек кишини зордуктаган деп кармалды.