Талас шаарында мектеп окуучулары менен былтыр окууну бүтүргөндөр ортосунда жаңжал чыгып, эки баланын бутуна бычак сайылды. Бул туурасында Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков «Азаттыкка» билдирген.
Маалыматта «Талас шаарындагы №5-мектептин 11-классынын окуучулары менен мектепти былтыр бүткөн балдар мушташа кетип, эки баланын бутуна бычак сайылган. Жабырканган балдардын бирине Чолпон Мамбетов атындагы облустук ооруканадан операция жазалган. Мушташка он бештей бала катышкан » -деп жазылат.