• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Таластын мэри тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү 

30 Чын куран 2020 18:42 Бишкек Govori.TV

Таласка болгону 700 миң сом бөлүнүптүр, аны таратып бүтө электе УКМК мэрди камап койду. Бул тууралуу бүгүн, 30- апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

«Таласта жардамга муктаж адамдар үчүн 700 миң сом бөлүнүптүр. Аны таратып бүтө электе, Таластын мэрин УКМК камап койду. Жардам толук таратылып бүтө элек да. Ушул учурду карап коюу керек», — деди  Жанар Акаев.

Эске салсак,  Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков гуманитардык жардам катары бөлүнгөн 700 миң сомду өзүмдүк кылып алууга шектелип, жатканын облустук  администрациянын маалыматына шилтеме берип жергиликтүү басылмалар кечээ, 29-апрелде жазып чыгышкан.

Количество просмотров: 527