• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Тарасенко: “Кечирип койгула, уктап калыптырмын. Эртең барам”

26 Теке 201916:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.07.2019.Govori.TV.

Бишкектик дизайнер Никита Тарасенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары суракка чакыруу алган. Бирок  бүгүн ал  фейсбуктагы баракчасы аркылуу УКМКга барбаганын билдирди.

 “Кечирип койгула, уктап калыптырмын, эртең барам”,-деп жазды Тарасенко.

Ал эми аны кайра чакырууну Улуттук коопсуздук комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы чече турганы айтылды.

Кошумчалай кетсек, Никита Тарасенко 2018-жылы сентябрь айында президенттин маалымат кызматы тараткан Сооронбай Жээнбековдун жайкы эс алуусундагы сүрөттөргө тамашалуу сөздөрдү жазып, интернетке жайгаштырганы үчүн Башкы прокуратурага чакырылган.

Количество просмотров: 38