• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Тараздын борбордук аянтына Назарбаевдин ысымы берилди

2 Тогуздун айы 2019 15:28 Бишкек Govori.TV

Тараз шаарындагы борбордук аянтка Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

«Тараз шаарынын Достук аянты Нурсултан Назарбаев атындагы аянт болуп өзгөртүлсүн», — деп жазылган Жамбыл облустук акимчилигинин токтомунда.

Быйыл март айында президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган Назарбаевдин урматына өлкөнүн баш калаасы Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Казакстанда Назарбаевдин ысымы борбордогу аэропортко жана бир катар шаарлардын көчөлөрүнө берилген. Нур-Султан шаарында Назарбаев Университети бар. Мындан тышкары бир нече шаарда анын эстеликтери тургузулуп, ага арналган музейлер ачылган.

Нурсултан Назарбаев бийликке 1991-жылы келип, өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарды.

Количество просмотров: 21