Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде «чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзам үчүнчү окууда жактырылды.
Мыйзам долбооруна эки депутат Жанар Акаев менен Гуля Кожокулова каршы добуш берген.
Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунушташты.
Өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик өкүл” статусун алып, атайын реестрге киргизилет. Көптөгөн эл аралык уюмдар бул долбоор боюнча тынчсызданууларын билдиришкен.
Ал эми аталган мыйзам долбоору ЖКда 2-окууда кабыл алынган.