• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тарых музейи боюнча сот уланууда

9 Кулжа 2020 10:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик тарых музейи менен Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды реконструкциялоо иштерине байланыштуу сот отуруму өтүп жатат.

Маалыматка караганда, бүгүнкү отурумда өкүм чыгары күтүлүүдө. Соттун алдына мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен президенттик аппараттын мурдагы кызматкери Мира Карыбаеванын тарапташтары келишкен.

Мамлекеттик айыптоочулар буга чейин Сапар Исаковду «Жемкорлук» айыбы менен 319-берене боюнча 20 жылга эркинен ажыратып, ошондой эле 247 млн сомдон ашык айып пул төлөөгө милдеттендирүүнү ал эми Карыбаеваны Кылмыш-жаза кодексиндеги 320-берененин 1-бөлүмү (эски редакция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салууну суранышкан болчу.

Эске салсак, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын кызматкери Мира Карыбаева, Алмазбек Абдыкаров, Айдарбек Мендеев, Улукбек Матисаков жана Шайбек Атабековго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган. Кийин Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромду оңдоо иштери бириктирилген.

Количество просмотров: 134