Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин дарегине сын пикирин айтты.
Депутат өз сөзүндө саламаттык сактоо тармагында мүчүлүштүктөр көп экенин айтып, ал эми министр өзүнүн так милдеттерин эмес башка иш менен алек болуп жүргөнүн билдирди.
Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна каршы сотко арызданган.
Буга себеп, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаганы болгон.