Кыргызстандын саясий тарыхында “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү март окуясына быйыл 15 жыл толду.
Кыргызстанда элдин күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин башкаруу режими кулатылган. Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, бүт өлкөгө жайылган.
Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
24-март 2012-жылга чейин жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган.