Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына беш топ киргизди. Биринчи эки голду кыргызстандык оюнчу Эдгард Бернхардт киргизсе, үчүнчү топту атаандаштарынын дарбазасына Алимардон Шүкүров жөнөттү. Ал эми төртүнчү топту Гүлжигит Алыкулов, бешинчи топту Валерий Кичин киргизди. Алтынчы топту кайрадан Алимардон Шүкүров, жетинчисин Эдгард Бернхардт тепти. Жыйынтыгында Кыргызстан курамасы 7:0 эсебинде жеңишке жетти.
10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешти.
Оюн 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 20:30да башталган.
Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. «Ак шумкарлар» алгачкы беттешинде Тажикстандын курама командасына 0:1 эсеби менен жеңилген.