• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Таш-Көмүрдө катардагы жоокерлерди сабаган прапорщик 5 жылга эркинен ажыратылды

10 Аяк оона 2018 17:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.09.2018. Govori.TV
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы аскер бөлүгүндө катардагы жоокерлерди сабап, кыйнаган прапорщик  5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууоасында Аскер прокуратурасынан кабарлашты.
Маалыматта, Таш-Көмүр шаардык соту аскер кызматкерин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып коюп, күнөөлүү деп тааныды. Өкүмгө ылайык, соттолуучу 3 жылга чейин кызматта иштегенге болбойт.
Эске салсак, ушул жылы 10-июнда таңга жуук 19-20 жаштагы 24 катардагы жоокерди прапорщик ойготуп алып уруп-сабаган. Анын айынан тогуз баланын ээги жарылган. Алар арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок окуя боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Количество просмотров: 27