Бул тууралуу Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
«Вирус күчөп, кыйын кырдаалда Жалил Атвмбаев той өткөрүп, коомчулуктун бетине түкүргөндөй болду. Массалык жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө коюлган чектөөлөргө карабастан, ишкер Жалил Атамбаев санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин талаптарын одоно бузду. Миң адамды чогултуп той өткөрүп, коомчулуктун нараазычылыгын туудурду. Анын баласы бизде иштейт экен. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча катуу эскертүү бердик. Атасынын кылганы үчүн баласы 2-жыл кызматтан көтөрүлбөйт»,-дейт УКМКнын жетекчиси.
Белгилей кетсек, Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тою 12-декабрда Оштогу тойканалардын биринде болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Оштогу белгилүү бизнесмен Жалил Атамбаев пандемиядан улам киргизилген чектөөлөргө карабай 1000дей киши чакырган той боюнча териштирүү баштаган.