• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ташиев 17-ноябрда өтө турган шайлоого карата чиновниктерге кайрылды

14 Жетинин айы 202413:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, ЖКнын жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлоо таза, добуш сатып алуусуз, ачык өтө турганын айтып, эскертүү берди.

«17-ноябрда өтө турган шайлоону таза өткөрүү үчүн колубуздан келгенин кылдык мамлекет тарабынан. Шайлоого катышуу үчүн бараткан партиялар, талапкерлер текшерилди. Арасынан 30дай талапкерди алдырдык, анткени алардын мурда уюшкан кылмыш топторуна жана кылмыштуулукка тиешеси бар болгону аныкталган. Мамлекет бир да партияны, талапкерди колдобойт. Эл өзү тандап, өзү шайласын. Кечээ бир чоң партиянын штабынан, талапкерлер өздөрү түздөн-түз уюштуруп добуш сатып алууну пландашкан. Тизме түзгөн. Ошонун баарына мыйзам чегинде чара көрүлдү. Ошол партиядан 3-4 адам камакка алынды. Шайлоо болуп жаткан күнү да ушундай болот. Укук коргоо органдары бардык шайлоо участокторунда, көчөлөрдө да иштешет», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 122