• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев 7-чакырылыштын депутаттарын зекиди

7 Үчтүн айы 2022 11:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңеш Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселеси боюнча чукул жыйынга чогулду.

49 депутат каттоодон өтүп, коңшу Казакстандагы кырдаалды, анын ичинде Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин талкуулап жатышат.

Анда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүүдө эл өкүлдөрү тез арада чечим кабыл алышы керектигин айтты.

«Урматтуу депутаттар, азыр өзүңөрдү пиарлай турган мезгил эмес. Мага кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрүү жайларды жабылгандыгы тууралуу маалымат келип түштү. «Эртең эмне үчүн ун келбей калды?» деген элдин суроосуна Айдарбеков жооп берсин. Бир кап ун 10 миң сом, 1 литр бензиндин баасы 100 сомго чыкса, бул жерде мамлекетти дагы ойлош керек. Биз көчөдө жүргөн адам эмеспиз. Бул жерге келип алып, силерге жалынып-жалбарып эле… Өзүбүз үчүн чечип жаткан жокпуз. Силер үчүн чечип жатабыз, мамлекетибиз үчүн чечип жатабыз. Коомубуз үчүн чечкенге аракет кылып жатабыз. Силер, урматтуу депутаттар! Жаңы шайланып келген депутаттар катары жоопкерчилик алышыңар керек. Эртең Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты) жооп бербейт да. Ал отурат, креслосунда. «Мен адамдардын канынан корком» деп коюп. Ошондуктан урматтуу туугандар, урматтуу депутаттар, мен силерди дагы бир жолу чакырып кетем. Бул жерде саясат кыла турган, өзүңдү пиарлай турган же шайлоого бара турган, даядана турган убакыт эмес. Мамлекеттик деңгээлде мамлекет башчысы кабыл алган чечим. Эгерде добуш бере албасаңар, пиарлабастан, канды, башканы оозуңа алып сүйлөбөстөн, жакшынакай кылып туруп, унчукпай отуруп бергиле. Себеби, азыр жети посттун төртөө жабылды. Эртең жети пост тең жабылгандан кийин унду желкесине ким, Кадырбеков ташып келип береби? Ким ташып келип берет? Элибизди ким багат? Элибиздин тынчтыгын ким сактайт? Ошондуктан тезинен чечим кабыл алып берүүңүздөрдү суранабыз же болбосо жабык эшик артында карайлы»,-деди Ташиев.

Количество просмотров: 3516