• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Ташиев Акаев менен Исаевди кечирүү үчүн билдирүү жазганбы? Серепчилердин пикири

13 Үчтүн айы 2023 13:56 Бишкек Govori.TV

Ташиев Акаев менен Исаевди кечирүү үчүн билдирүү жазганбы? Серепчилердин пикири
УКМКнын төрасы Камчыбек Ташиевдин кечирим тууралуу жазган билдирүүсүнөн кийин качкын президент Аскар Акаевге карата кылмыш иши кыскартылып, Канат Исаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан бошотулду.


Мындай жагдайдан кийин Ташиевдин “Биз көп кишилерди кечирүүгө тийишпиз, дээрлик бүт баарын.. Биз да башкалардай эле жөн жай бир инсанбыз. А эмнеге кечире албайсың, сен эмне Кудайдан да бийик болуп кеттиңби кечирбегидей? Сен эмес, а түгүл Кудай кечирип атпайбы, кимсиң деги сен? Сен болгону 8 миллиард адамдын ичинен бирөөсүсүң, алың ушул. Кудайдан да бийик, Кудайдан мыкты болуп кетпейсиң да!!! Күндөрдүн бир күнүндө жөн эле бир көптүн бири болуп, жөн эле адам болуп о дүйнөгө узап, бул опаасыз дүнүйөнү таштап кете беребиз…”,-деген билдирүүсү ушуларга тиешелүү болуп калгандай болду.


Саясий серепчи Шерадил Бактыгулов айтылган сөздөр Акаев менен Исаевге тиешеси жок деп эсептейт.

«Бул айтылган сөздөр коомчулукка кайрылуу болчу. Бул билдирүүнү баарыбыз эле чакырык катары «бирөөнү кечирүү» керек деп түшүнүп атабыз да. Ал балким өзү тараптан айтылган курч сөздөргө кечирим сурап аткан болушу мүмкүн. Канат Исаев менен Аскар Акаевге бул билдирүүнүн тиешеси жок деп эсептейм»,-дейт серепчи.


Социалдык тармакка чыккан билдирүү терең мааниге ээ болуп калганына кеийиген серепчи Эмил Жураев пикирин мындайча билдирди:

«Менин оюмча социалдык тармактагы сөздөрдүн ушунчалык мааниге ээ болуп калышы кейиштүү көрүнүш. Эгер биз мыйзамдын негизинде ишин алып барган мамлекет болсок, жоромолдоп көчөдөгү киши сыяктуу мамлекеттин килейген чоң жетекчисинин ушундай сөздөрдүн артында эмне болду экен деп байлап турмак эмеспиз. Менимче мындай болушу керек эмес. Камчыбек Ташиев ошол постту өзү жазганына деле ишенбей турам. Анткени билдирүү чаласабатыраак жазылыптыр. Грамматикасы да начар. Ошол 5,6 сап сөздүн аркасынан ар кандай мамлекеттик деңгээлде талкуу жаратканы, биздин мыйзам үстөмдүгү, адилеттүүлүк системасы жөнүндөгү ыйласа боло турган абалдан кабар берет. А эгер Аскар Акаев менен Канат Исаевге байланыштуу болсо, өтө кейиштүү нерсе»,-деди Жураев.

Камчыбек Ташиев өзү билдирүүсү тууралуу маалымат бере элек.

Количество просмотров: 240