• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ташиев атасынын ысымы берилген көчөнү асфальттап берди

9 Жетинин айы 2022 10:38 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-ноябрь күнү, өз каражытанан Жалал-Абад шаарына караштуу Жеңиш кичи районунда асфальт төшөлгөн жолдун салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары маалымдады.

Аталган шаар көчөсүнө буга чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин атасы — Кыдырша Ташиевдин ысымы жергиликтүүлөр тарабынан ыйгарылган.

Ташиев Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу бир чакырым ички жолду дагы өз каражатынан асфальттап бергени карбарланды.

Белгилей кетсек, буга чейин Барпы айылында сейил бак ачылып, ага Камчыбек Ташиевдин бир тууганынын урматына «Жони» деп аталган.

Количество просмотров: 1127