• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Ташиев: Азим Рой кылмыштары үчүн жооп берет

17 Жетинин айы 2023 19:28 Бишкек Govori.TV

Азим Рой кылмыштары үчүн жооп берет. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Азим Рой Кыргызстанга келгенде президент Садыр Жапаров кабыл алган. Мен да кабыл алгам. Ал ошондо криминалдык жүрүш-турушумду токтоттум деген. «Мен инвестормун, акчам бар» деген. Президент да «мыйзам бузбагыла, элге тийишпегиле» деген. Анан эмне болду. Мына ошондон бери 2 жыл өттү. Ал Кыргызстанга завод эмес, камок салган жок. Кайрадан элди тоноо, тартып алуу иштерин баштады. Биз ага чара көрдүк. Бизге андай инвестор кереги жок. Мыйзам алдында жооп берет», — деди ал.

Буга чейин УКМК Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыялаган.

Эске салсак, буга чейин OCCRP журналисттери өз иликтөөлөрүндө Азим Ройдун «Россия жана Борбордук Азиянын кылмыш дүйнөсүндө байланышы бар ишкер» экенин жана Кыргызстандагы эң белгилүү кримавторитеттердин бири Камчы Көлбаев менен тааныш экенин аныкташкан. Иликтөөчү журналисттер Азим Рой Көлбаевдин жакындарынын бири менен бизнес кылып жүрөт деп эсептешет.

Ал эми былтыр социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун бизнесмен Азим Рой (Орозахун Сайдазимов) менен түшкөн сүрөтү тарап талкуу жараткан болчу.

Количество просмотров: 201