• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташиев: Бабанов менен сүйлөшүп атабыз. Шайлоого «Ата Журт» «Республика» менен биригип барышы мүмкүн

21 Жетинин айы 2019 11:48 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Камчыбек Ташиев 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого «Ата Журт» партиясы «Республика» менен биригип барышы мүмкүн дейт. Ал «Азия Ньюс» гезитине маек берип жатып жакында Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүлөр башталганын белгилеген.

2010-жылы «Ата Журт» партиясы биринчи орунду алып келген. 2015-жылы бириккен «Республика – Ата Журт» партиясы экинчи орунду камсыз кылган. Азыр 2020-жылкы шайлоого ошол эле «Ата Журт» партиясынын тегерегинде эле барабыз. Бирок, азыркы күндө ачык эле айтыш керек, так эле «Ата Журттун» жалгыз өзү барары да кыйын. Мүмкүн ошол эле «Республика – Ата Журт» партиясы менендир, бул маселени жакында чечебиз. Алүстүнө Өмүрбек Бабанов да келип калды. Жакындан сүйлөшүп, баарлашып атабыз. Ал эми Өмүрбек Бабанов «Азырынча саясатка кайтпайм» деп катуу позициясын карманып турат. Турмуш ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн, — деген пикирин билдирет Ташиев.

Эске салсак, буга чейин «Республика — Ата Журт» фракциясы азыркы курам менен шайлоого катышпай турганы айтылган.

Жаңы саясий сезондун башталышы менен партиялар 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык көрө башташкан эле.

Количество просмотров: 283