• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев башкы салыкчынын милдетин аткарып жаткан Кыдыкбек Кыдыров кызматынан алынарын билдирди

17 Бештин айы 202413:20 Бишкек Govori.TV

УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев бүгүнкү маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Кыдыкбек Кыдыров да ЭТТНди жаап-жашырууга шектелип жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, болгону эки жума мурда башкы салыкчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кыдыкбек Кыдыров да кызматынан алынат.

«Ал да болгону 15 күн иштеп ЭТТНди жаап-жашырган. Аны кызматтан алуу тууралуу көрсөтмө жазылды. Президент башка адамды дайындайт, а биз муну менен иштейбиз», — деди Ташиев.

Эске салсак, 5-декабрда УКМК Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычевди кармаган, ага чейин да ортоңку тепкичтеги салык кызматынын жетекчилери кармалган.

УКМК акциздик маркаларга байланыштуу 3,2 млрд сомдук коррупциялык схемаларды таап чыгышканын билдирген.

Андан кийин Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов да дагы бир орун басары менен кармалып, СИЗОго отургузулган.

Количество просмотров: 364