• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташиев больницага жетпей артка кайтканын билдирди

29 Чын куран 2021 16:11 Бишкек Govori.TV

Дарыланууга чет өлкөгө кеткен Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев кайтып келе жатканын билдирди. Бул тууралуу ал өзү соцтармактагы баракчасына жазды.

«Мен кечээ 28.04. эрте менен ден соолугумду каратуу учун Германияга учуп кеткен элем, бирок бугунку Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым, больницага жетпей кайттым, буюруса түнү менен жетип барам. Баарыныздарга сабырдуулук тилеймин, Мекендин чеги өмүрдүн да кымбат, ынтымакта баарын жеңебиз!!!», — деп жазды ал.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам жараат алган төрт адамдын үчөө ооруканада жатат. Мекеменин маалыматына караганда, бейтаптардын абалы орточо, туруктуу.

Жараат алгандардын үчөөнө таш, бирөөнө ок тийген. Таш тийген эки адам Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген адам Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин, «Головной» толугу бойдон Тажикстанга таандык экенин, чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

28-апрелде чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы («Головной») суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан.

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кеткенин билдирди.

Количество просмотров: 847