• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү

5 Бугу 2022 12:06 Бишкек Govori.TV

КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча КР өкмөттүк делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев коңшу мамлекеттер менен чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышты.

Жыйында кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, Өкмөттүк делегация Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүргүзүлөт, атап айтканда, коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Количество просмотров: 285