• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ташиев Көлбаевдин айланасында жүргөндөргө эскертүү берди

5 Тогуздун айы 2023 15:39 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топторунун өкулдөрунө кайрылуу жасап, аларга эскертүү берди. Ал 5-октябрда Токмок шаарында атайын кызматтын оңдолуп, жаңыланган имаратын ачып жатып, өлкөдө мындан «мыйзамдагы уурулар» болбосун айтып, жаңы лидер шайлоого, топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазаланарын билдирди.

«Кечээ жок кылынган кримтөбөлдүн жанында жүргөндөр коомго каршы баш көтөрүүгө аракет жасай турган болсо, же мыйзамсыз иш-аракеттерге барса мыйзамдын негизинде катуу жазаланат. Мен эскерткен нерсени аткарам», — деп билдирди Ташиев

Кечээ, 4-октябрда Бишкектеги Учкун басмаканасынын жанындагы Blonder pub эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн. Анда Көлбаев куралдуу каршылык көрсөтүп, жок кылынганын УКМКдан кабарлашкан.

Количество просмотров: 1075