• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Ташиев Казакпаевдин өлүмү тууралуу комментарий берди

14 Кулжа 2022 12:38 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев тергөө абагынан ооруканага которулуп каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу ал “Новые лица” сайтына берген маегинде айтты.

«2019-жылдын сентябрь айында “Мамлекеттик чыккынчылык кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2021-жылы бул ишке Марат Казакпаевдин тиешеси бар экени аныкталган. Саясат талдоочу былтыр апрель айында суракка чакырылып кармалган. Анын иши быйыл 10-мартта тергелип бүтүп Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берилген. Биз аны сактап калуу үчүн бардыгын жасадык. Мен убактылуу кармоо жайына камалгандардын ар бирин оор кабыл алам. Себеби, бул жерде болгом жана шарттар кандай экенин билем. Шарт начар деп айтпайм, бирок бул абалдын өзүндө эле психологиялык жана моралдык басым бар. Эгерде адамдын өзүндө дарты болсо, ал күчөп кетиши мүмкүн. Биз тыкыр көзөмөлдөп, кимдир бирөө ооруп калса, дароо ооруканага жаткырабыз. 2022-жылдын 25-майында айыпталуучу Казакпаев Миррахимов атындагы кардиологиялык борбордо комплекстүү текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин консультациясы менен жаткан жериндеги ооруканада дары-дармектер жазылган. Учурда Казакпаевдин өлүмү боюнча Башкы прокуратура тарабынан иликтөө иштери башталып, ал боюнча көзөмөл органына бардык керектүү материалдар берилди. Ошол эле учурда УКМК коомдук комиссия Акыйкатчы, Кыйноолорду алдын алуу борбору, же коомдук ишмерлер, журналисттер тарабынан түзүлсө, кабыл алууга даяр. Биз текшерүү жүргүзүп жаткан прокуратура менен биргеликте бул факт боюнча толук маалымат берүүгө даярбыз. Биз Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча эч качан жабык эмеспиз»,-деп билдирген ал.

Эске салсак, УКМКнын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда каза болгон. Анын жубайы Анар Казакпаева жолдошу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.

Количество просмотров: 746