• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташиев: Керек болсо Жапаровду да камайбыз

8 Теке 2021 17:34 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда журналисттин Акылбек Жапаров да «Кумтөр» боюнча ал суракка чакырылабы деген суроосуна жоо берип, керек болсо камала турганын айтты.

» Билишимче келишимде Акылбек Жапаровдун колу жок. Эгер жооптуу жерлерде Акылбек Жапаровдун колу болсо же коррупцияга айыпталган адамдар менен бирге өзүнүн кызыкчылыгында иш жүргүзгөн болсо, биз жоопко тартабыз. Биз аны суракка чакыртмак турсун, керек болсо камайбыз…

Эч ким ойлогон эмес Өмүрбек Бабанов түрмөгө отуруп калат деп, ага эч ким тийбейт деп ойлошкон, биз аны камадык. Анткени коррупция боюнча анын конкреттүү эпизоддору бар. Ушул сыяктуу эле Асылбек Жээнбековго эч ким тийбейт деп ойлошкон. Себеби ал мурдагы президенттин иниси деп. Биз аны дагы камадык», — деди Ташиев.

Эске салсак, УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынды. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Количество просмотров: 618