• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ташиев «куугунтукка кабылдым» деген Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды

23 Жетинин айы 2020 17:04 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-ноябрда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жалпыга маалымдоо каражаттарына видео кайрылуу жасаган Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду кабыл алган. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө УКМК башчысы Сайпидиновдун арызын угуп, тиешелүү бөлүмдөргө видео кайрылуудагы бардык маалыматтар объективдүү жана ар тараптуу изилдеп чыгуу тапшырмасын берген.

Количество просмотров: 1498