• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев маркум Чыныбай Турсунбековдун аялы ага 5 млн. доллар пара берүүгө аракет кылганын айтты

17 Бештин айы 202411:06 Бишкек Govori.TV

«Чыныбай Турсунбековдун аялы кайсы бир шылуундар менен байланышып, мен пара менен кармайбыз деп, мага 5 миллион доллар пара берүүгө аракет кылышкан». Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Кылмыш ишинин алкагында Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө таандык «Капитал Банкы» 100 пайыз мамлекетке өткөрүлдү, баасы 2 млрд 40 млн сомду түздү. Андан сырткары Ч.Турсунбековдун ээлеп алган аракзаводу да толук мамлектке өткөрүлдү. Анын аялы шылуундар менен аралашып, мени пара менен кармагысы келип, мага берем деп 5 миллион доллар даярдап коюшкан. Бирок мен өзүм үчүн эч нерсе албасымды билишпейт окшойт. Баарын кармашты, акчаны мамлекетке өткөрүлүп берилди», — деди Ташиев.

Ал «Капитал Банк» мурда Максим Бакиевге таандык болгонун, Бакиевдер качып кеткенде банк мамлекетке өтпөстөн, жеке жакка кетип калганын кошумчалады.

Количество просмотров: 349