• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түркмөнстанда бюджеттик кызматкерлер жапырт иш-чараларга катышууга мажбурланууда

6 Чын куран 2022 17:17 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда 7-апрель Ден соолук күнү жыл сайын бюджеттик кызматкерлердин мажбур катышуусундагы жапырт иш-чаралар менен коштолот.

Түркмөнстандын Мамлекеттик маалымат агенттиги Ашхабад шаарынын администрациясына шилтеме берип, 4-11-апрель аралыгында таңкы саат 8ден кечки 6га чейин көчөлөрдө шаардык автобустар, таксилер жана башка коомдук транспорт гана жүрөрүн жазды.

Түркмөн бийлиги жыл сайын 7-апрелде Ден соолук күнүндө жапырт веложүрүштөрдү өткөрөт.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы мындай акциялар жөнөкөй жарандардын жашоосуна олуттуу кыйынчылыктарды жаратарын билдирүүдө.

«Экологияны коргоо жана ден соолук боюнча иш-чаралар 10 күнгө созулат. Кишилер жумушка жөө барууга аргасыз болууда. Транспорт кыймылы чектелген. Алардан жумушка велосипед менен барууну талап кылышууда. Медициналык университеттен онкология борборуна жана башка ооруканаларга баруу өтө оор», — деди ашхабаддык тургун.

Түркмөн бийлиги бул өңдүү иш-чаралар дени сак жашоо образын калыптандырууга үйрөтүп, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча билимди жогорулатууга көмөкчү болот деп эсептейт. Мындай аракеттердин алкагында Түркмөнстанда жыл сайын эки жолу көчөт отургузуу, веложүрүш жана башка спортук иш-чаралар өткөрүлүп, ага жашоочулар мажбур түрдө катышууга милдеттендирилет.

Количество просмотров: 157