• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Ташиев мекен коргоочулар күнүнө арналган иш-чарага балдак менен келди (видео)

23 Бирдин айы 202316:57 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган “Карегимде мекен чеги” аттуу салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чарага ошондой эле 2022-жылдын сентябрь айында чек ара жаңжалында каза болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, Чек ара кызматынын өздүк курамы, укук коргоо органдарынын өздүк курамы жана башка кызматкерлери катышты.

Камчыбек Ташиев иш-чарага балдак менен келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Эске салсак, буга чейин социалдык түйүндөрдө Ташиевдин үйүндө түшкөн сүрөтү жарыяланып, бирок сүрөткө тартылып калган фондогу балдак талкууга алынган. Ал эми сүрөттү жарыялаган «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов Ташиевде баары жакшы, эч кандай көйгөйү жок деп билдирди. Балдак боюнча ал «ал балдактарды мурда да колдонсо керек» деп жооп берген.

Количество просмотров: 19456