УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкан соң өлкөдө мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мүлктөрдү кайтаруу маселеси тууралуу билдирүү жасап, мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын айтты.
“Мурдагы башаламан заманда көптөгөн ишканаларды, элдин, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алышып, же болбосо эптеп-септеп, коррупциялык жолдор менен менчиктештирип, көптөрү бай болуп жүрүшпөйбү. Ошолордун баарын тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. Жүз миңдеген, миллиондогон элдин байлыгын бир адам, же беш адам басып алып олтурат. Алардын бардыгын кайтарышыбыз керек”, – деди Камчыбек Ташиев.