• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Ташиев менен тааныштыгым бар». Ошто алдамчылыкка шектелген адам кармалды

19 Чын куран 2023 18:46 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана уулу Таймурас Ташиев менен тааныштыгым бар деп, жаранды кызматка орноштуруу үчүн акча алган адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кудайберди уулу О. аттуу КРнын жараны кармалган.

Ал УКМКнын төрагасы жана анын уулу менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, И.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны Ош облусунун Кара-Суу районунундагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматына орноштурамын деп 1500 АКШ долларын алган.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында К.у.О өз аракетинин кылмыштуулугун түшүнүп, мындан ары мындай аракеттерге барбоого милдеттенди.

Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ош облусунун Ички иштер башкармалыгына берилет

Количество просмотров: 78