• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ташиев: Менин атымды жамынып, «Жалал-Абад» санаторийин басып алам дегендер кармалды

24 Бештин айы 2020 10:56 Бишкек Govori.TV

Менин атымды жамынып, «Жалал-Абад» санаторийин басып алам дегендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда Govori.TVнын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ташиевдин айтымында, «Жалал-Абад» санаторийи боюнча ишке тиешеси жок.

«18-19-декабрда «Жалал-Абад» санаторийин басып алуу аракети болгон. Учурда аталган шаардын ИИБинин Тергөө башкармалыгында сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Алар мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүшкөн. Учурда алар кармалды. Бул окуя баарына сабак болушу керек. Акыркы учурда ушундай көрүнүштөр көп болуп кетти. Бирөөнүн атын жамынып мыйзамсыз иш алып баргандарга карата катуу чаралар колдонуларын жана ал мыйзам чегинде кылмыш ишинин козголушуна чейин барат»,-деди Ташиев.

Эске салсак, буга чейин Кесиптер бирлиги федерациясынын «Кыргыз курорт туризм» башкармалыгынын жетекчиси Күчүков жана ал «Жалал-Абад» санаторийине директорлукка мыйзамсыз дайындаган Айтиев бир нече кишилер менен келип, административдик имаратка кирип, директордун кабинетин ээлеп алууга аракет кылышкан.

Ал эми административдик имараттын ичиндегилер УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин басып алуу иштерине тиешеси бар экендигин айтып кыйкырышкан.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 208-беренесинин («Имаратты өз алдынча басып же ээлеп алуу») негизинде катталган.

Учурда бул боюнча Жалал-Абад шаардык ИИБинин Тергөө башкармалыгында сотко чейинки иштер жүрүп жатат. Ал эми Күчүков менен Айтиев Жалал-Абад шаардык ИИБине тергөө иш-чараларынын негизинде жеткирилген.

Количество просмотров: 266