• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ташиев Садыр Жапаровду премьер-министрдин креслосуна отургузду

8 Тогуздун айы 2020 17:47 Бишкек Govori.TV

«Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Садыр Жапаров ордуна отурганын билдирди.

«Сиздердин колдооңуздар менен Садыр досумду кабинетине олтургуздук. Элге берген убаданы, достуктун милдетин аткардым, эми бошмун! Чооң рахмат баарыңыздарга!», — деп жазган Ташиев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына.

Эске салсак, 6-октябрда Бишкектеги “Достук” мейманканасында бир нече депутат жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунуштаганын жарыялаган. Бирок бир катар депутаттар бул чечимдер легитимсиз экенин айтышууда.

Количество просмотров: 1095