• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташиев: Садыр Жапаровдун түрмөдөн чыгарылбай жатканын ташбоордук деп эсептейм

28 Жетинин айы 2019 16:26 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаровдун түрмөдөн чыгарылбай жатканын  ташбоордук деп эсептейм.  Бул тууралуу мурдагы депутат Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” берген маегинде айтты.

“Садыр Жапаров тууралуу кеп бул менин саясаттагы жүрөк оорум. Анын акыйкатсыз абакта отурганын белгилегим келет. Бүгүнкү күндө түрмөдө саясатчы калган жок. Башкаларга берилген мунапыс эмне үчүн Жапаровго берилбейт? Анын кармалуусунда бир кызыкчылык бар. Президентке кайрылуусу боюнча билем ал ырайым суроодон баш тартканда, биз учурдагы абалын эске алуу менен андан ырайым сурап кайрылуусун өтүнгөнбүз. Азырынча жыйынтык чыга элек”,-деди Ташиев.

Количество просмотров: 476