• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ташиев: Шайлоодогу 9% босого баллдын өзгөртүлбөстөн калуусун каалайм

24 Тогуздун айы 2019 10:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кенештин мурдагы депутаты, саясатчы Камчыбек Ташиев шайлоодогу 9% босого баллдын өзгөртүлбөстөн калуусун каалайм деген пикирин Фейсбуктагы оздүке баракчасына жазды.

Ооба, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9% болуп белгиленген. Азыркы учурда ошол босогону төмөндөтөлү деп айтып жүргөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда, үн катышкан эмес. Көпчүлүгү парламенте олтурушкан, бирок ошол маалда Атамбаевдин инициативасына каршы чыгууга эрктери жеткен эмес. Саясий атаандаштыкта күч сынашалы, кайсы адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болот экендигин эл чечсин, буюрса, элдин колдоосу менен парламентке өтүп келебиз, — деп жазган Ташиев.

Количество просмотров: 102