Бүгүн, 23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Temirov Live каналы жасаган иликтөөдө айтылган ишканалар тууралуу маалымат жыйын берип жатат.
Ташиев аталган каналдын кеңсесинен техникалык жабдыктар эмне үчүн чыгарылып кеткенин айтты.
«Кеңседен баңгизат табылгандыгына байланыштуу техникалык жабдыктар чыгарылып кетти. Балким компьютерде баңгизатты кайсы жактан сатып алышары тууралуу маалыматтар бар. Тергөө иштери жүрөт. Баары жакшы болгон болсо, кайра кайтарып берилет»,-деп билдирди.
Белгилей кетсек, 22-январь күнү саат 19:15тер чамасында Temirov LIVE каналынын кеңсесине беткап кийген укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирип келген. Алар тинтүү жүргүзүп, иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап кетишти. Милиция кызматкерлери Temirov LIVE каналынын кеңсесиндеги компьютерлерди дагы алып кетишкен.