• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев Ворух анклавынын айланасындагы маселе кандай чечилгенин айтты

27 Бирдин айы 202513:48 Бишкек Govori.TV

Ворух анклавы боюнча көптөгөн катаал сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин биргелешкен жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

“Ворух анклавында тажик тарап 1991-жылга карата 19 миң гектар жерди пайдаланып жүрүшкөн. Көптөгөн катаал сүйлөшүүлөрдүн негизинде аларга 14 миң 500 гектар жерди калтырдык. Мындан сырткары Ворух анклавынын айланасынан тажик тараптын суранычы боюнча тажик тарапка миң гектар жайыт жер берилди. Анын ордуна Чоң-Алай районуна Караган-Сай участогунан тажик тараптан 1 000 гектар жайыт жер алынды. Билесиздер, тажик тарап бизден “Ворухта адамдар көбөйүп кетти, чек ара аныкталгандан кийин андан ары мурдагыдай пайдалана албайбыз, ошондуктан малыбызды бакканга ушул жерден бергиле” деп 5 000 гектар жер сураган. Биз “Ворухтун тегерегинен 5 000 гектар бере албайбыз, анда Ворух өтө эле чоңоюп кетет” деп 1 000 гектар жер бердик. Малын бакканга жайыт жер бердик. Бирок ошол 1 000 гектарды кайра Караган-Сай деген жерден жайыт кылып алдык. Мурда алар вагон коюп алып, ызы-чуу болгон жерден 300 гектар жерди кайрадан алдык», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 178