• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ташиев жаңы тик учак менен Баткен, Жалал-Абад, Таласты кыдырат (видео)

12 Бештин айы 202213:25 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы Airbus H145 тик учагы менен өлкөнүн түштүгүнө кетти. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн алкагында УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.Ташиев тик учак менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына жана Бишкек шаарына учуп келет.

КР УКМК башчысы бардык күч түзүмдөрүнүн кышкы мезгилге даярдыгын текшерип, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулап, көзөмөлдөп келмекчи.

Количество просмотров: 616