УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Болот Темиров жана анын командасындагы адамдардын артынан аңдуулар, шантаж тууралуу атайын иликтөөнү окубаганын жана бул тууралуу кабар албаганын билдирди.
Жана ошондой эле Ташиев мыйзамсыз иштерге атайын кызматтын өкүлдөрү аралашкан деген маалыматтарды четке какты.
«УКМК Темиров боюнча эч кандай маалымат тараткан жок, маалыматы жок, ал ишти тергеген жок. Ал иш ИИМде», — деп жооп берди.