• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Ташиевдин унаасы каршы тилкеге чыгып, скутердеги кишини сүзүп кеттиби?

15 Аяк оона 2022 10:27 Бишкек Govori.TV

Фейсбук социалдык тармагында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү делген Toyota Land Cruiser 300 унаасы аэропорт жолунда бара жаткан сүрөт, видео жарыяланды.

Интернет колдонуучусу Хамидулло Узаковдун айтымында, унаа каршы тилкеге чыгып, скутер айдаган кишини сүзүп кеткен.

«Мен көргөндөн скутердеги кишинин абалы жакшы эле болчу, ооруканага алып барабыз деп жатышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Кайгуул кызматына байланышканыбызда аталган факты боюнча нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшпөгөнүн билдиришти.

«Интернетке жарыяланган маалымат боюнча жерине кызматкерлер барышкан. Бирок маалымат такталган жок»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 2048