Камчыбек Ташиевдин 19 жаштагы уулу Эмир-Хан Кыдыршаев футбол боюнча улуттук курама команданын кеңири тизмесине кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалым болгондой, улуттук курама 6-июнь күнү Бишкекте Малайзия, 11-июнда Мускат шаарында Оман менен ойнойт.
«Штефан Таркович 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылкы Азия кубогунун июнда өтө турган тандап алуу оюндары үчүн даярдыктын алкагында өтө турган жыйынга кураманын кеңейтилген тизмесин жарыялады», — деп жазылат маалыматта.