• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ташкентте 11 террорист кармалды

1 Теке 2020 14:04 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги 30-июнда эл аралык «Тавхид ва жиход катибаси» террордук уюмунун 11 мүчөсү кармалганын билдирди.

Өлкөнүн Жогорку Сотунун 2016-жылдагы токтому менен «Тавхид ва жиход катибаси» өлкөдө тыюу салынган уюмдардын тизмесине киргизилген.

Маалыматка караганда, операциянын жүрүшүндө Ташкент шаарынын Алмазар жана Шайхантахур районундагы 8 үйдө тинтүү жүрүп, 11 адам кармалган.

23-июнда да ушул эле уюмдун мүчөлөрү колго түшкөнү кабарланган.

Анда 25 үйдө тинтүү жүрүп, Ташкент шаары менен Ташкент облусунда 25 киши ички иштер органдарына жеткирилген

Количество просмотров: 209