• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ташкентте эстакаданын устундарынын кулашы боюнча 3 киши кармалды

14 Баш оона 2023 9:13 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Транспорт прокуратурасы Ташкент аэропортунун алдында курулуп жаткан эстакаданын беш бетон устунунун кулашы боюнча кылмыш ишин козгоду. Келтирилген зыяндын көлөмү 2,7 млрд сумга бааланды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кылмышка шектүү катары үч аткаминер кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин маалымдалгандай, 42 метрлик устундар 12-августта кулаган. “Өзбекстан темир жолдору” устундар монтаж учурунда шалаакылыктан улам кулап түшкөнүн билдирген.

Количество просмотров: 66