• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ташкентте милиция жетекчисин бычактап кетишти

6 Баш оона 2018 10:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV.
Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамовду өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда Акрамовдун сөөгү 4-августтун кечинде өзүнүн иш бөлмөсүнөн табылган. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, ал бычакталган. Кылмышкер окуя болгон жерден из жашырган, бирок Акрамовду өзүнүн тааныштары бычакташы мүмкүн деп болжолдошууда.
Кылмышты Башкы прокуратура иликтей баштады. Бул боюнча «Мыкаачылык менен атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Количество просмотров: 29