• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ташкентте орусиялык ырчылар Лепс менен Дубцованын концерти болбой калды

26 Кулжа 2023 15:36 Бишкек Govori.TV

Орусиялык ырчы Григорий Лепстин быйыл 23-октябрда Ташкентте өтүшү керек болгон концерти болбой калды. Буга социалдык түйүндөрдө Лепстин концертин токтотууну талап кылган чакырыктар себеп болгону болжолдонууда.

Бир нече күн мурун блогер Мирзо Зомини өзүнүн Telegram каналы аркылуу #LepsKerakmas (#LepsNecessary) хештеги менен өнөктүк баштаган. Блогер өз демилгесин ырчы Лепстин Украинадагы согушту колдогону менен түшүндүргөн.

«Өзбекстан ата-бабаңардан мураска калган же жоокерлериңерди сыйлаш үчүн акча чогулткан жер эмес. Анын Ташкенттеги концертинин баасы 150 миң сумдан 4 миллион сумга чейин (13-350 доллар) турат. Урматтуу өзбекстандыктар постту болушунча бөлүшүңүз. Канкор машинени күйүүчү май менен камсыздоого жол бербегиле», — деп жазган блогер өткөн аптада.

Бул билдирүүдөн бир нече күн өткөндөн кийин Григорий Лепстин концертинин афишасы Iticket.uz сайтынан өчүрүлгөн.

Бул арада Кремлге ыктаган эстрада ырчысы Ирина Дубцованын Ташкентте өтүшү керек болгон концерти болбой калганы кабарланууда.

Орусиялык ырчылар Григорий Лепс менен Николай Басков бир нече апта мурун Украинанын куралдуу күчтөрүнө таандык танктарды жок кылгандарга бир миллион рубль сыйлык берерин билдиришкен. Буга чейин Лепстин Казакстандагы концерти да болбой калганы маалымдалган.

Количество просмотров: 117