Ташкентте Орусиянын ырчылары катыша турган «Жара» музыкалык фестивалы өтпөй турган болду. Буга чейин алардын бул концертине Азербайжан менен Казакстанда да тыюу салынган.
20-21-май күндөргө белгиленген музыкалык иш-чарага билеттерди сатуу токтогонун өзбекстандык iTicket компаниясы 3-апрелде билдирди.
«Тилекке каршы, дүйнөдөгү азыркы кырдаал масштабдуу музыкалык иш-чараларды өткөрүүгө ылайык болбой турат», – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.