• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Ташкенттин башчысынын милдетин аткаруучу болуп Шавкат Умурзаков дайындалды

24 Жалган куран 202317:22 Бишкек Govori.TV

44 жаштагы Шавкат Умурзаков Ташкент шаарынын акиминин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекеттик «УзА» агенттиги кабарлады.

Умурзаков 2018-жылдын июнь айынан бери «Узавтосаноат» («Узавтопром») компаниясынын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеп келген. 2011-жылдан 2013-жылга чейин Ташкент облустук прокуратурасынын Экономикалык кылмыштарга жана жемкорлукка каршы күрөшүү башкармалыгында эмгектенген. 2013-жылы Башкы прокуратуранын Уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган.

Быйыл 16-январда президент Шавкат Мирзиёев Ташкентти 2018-жылдан бери башкарып келген Жахонгир Артыкхожаевди кызматтан алган. Анда мындай чечим кыш мезгилине даярдык көрүүдөгү олуттуу кемчиликтерге байланыштуу кабыл алынганы кабарланган.

Андан бери Ташкент шаарнда акимдин милдетин Бахтияр Рахманов жетектеп келди.

Өзбек парламентинин мурдагы депутаты Расул Кушербоев Ташкент акимчилигиндеги бул жаңы дайындоо тууралуу Телеграм-каналына билдирүү жазып, Умурзаков президенттин тапшырмасын аткарбаган аткаминерлердин бири экенин белгиледи. Маселен, ал «Узавтосаноатта» иштер жүргөндө «1-майга чейин автоунаа сатып алууну каалагандардын кезегин жоюу» жөнүндө тапшырманы орундаткан эмес.

Количество просмотров: 211